Токио Олимпиадасы: Жоламан Шаршенбеков Олимпиада оюндарынан четтеп калды
Новость

Кыргызстандык балбан Жоламан Шаршенбеков Токиодогу Олимпиада оюндарынан четтеп калды. 

60 кг салмакта күч сынашкан Шаршенбеков биринчи казакстандык Мейрамбек Айнагуловду мөөнөтүнөн мурда 8:0 эсебинде уткан. Экинчи беттешинде молдовалык Виктор Чобануга жолугуп, 9:0 эсебинде жеңилди. 

Жарым финалда Чобану кубалык Альберто Санческе утулуп калганына байланыштуу Шаршенбеков коло байге үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк албай калды.