Кыргызстандык балбан Айпери Медет кызы Токио Олимпиадасынын алкагында жарым финалга чейин жетип барып, АКШ өлкөсүнүн спортчусуна жеңилип калды.
Айпери Медет кызы 76 кг салмакта биринчи казакстандык Элмира Сыздыкованы 8:1 эсебинде жеңип алган. Экинчи жолугушуусунда 2012-жылдагы Олимпиада чемпиону Наталья Воробьёваны 12:0 эсебинде утуп, өз салмак категориясында жарым финалга чыккан болчу. Жарым финалдык беттеште тажрыйбалуу дүйнөнүн 5 жолку чемпиону Аделайн Грейге жолугуп, 3:2 эсебинде жеңилди.
Эми кыргызстандык балбан кыз эртең, 2-август күнү коло байге үчүн күрөшөт.