Кыргызстандык балбан Айпери Медет кызы Олимпиада оюндарынын алкагында экинчи каршылашын жеңип алды.
76 кг салмакта күч сынашкан Медет кызы 2012-жылдагы Олимпиада чемпиону Наталья Воробьёваны 12:0 эсебинде утту. Жыйынтыгында өз салмак категориясында жарым финалга чыкты.
Жарым финалдык күрөштөр түштөн кийин 15:00дө старт алат.