Кыргызстандык балбандар Айпери Медет кызы жана Жоламан Шаршенбеков алгачкы беттештерин ийгиликтүү баштады.
76 кг салмак ченинде күрөш алып барган Айпери Медет кызы казакстандык Элмира Сыздыкованы 8:1 эсебинде жеңди. Ал эми 60 кг салмакта күч сынашкан Шаршенбеков каршылашы Мейрамбек Айнагуловду мөөнөтүнөн мурда 8:0 эсебинде утту.