Токио Олимпиадасы: Жоламан Шаршенбеков жана Айпери Медет кызы казак балбандары менен күрөшөт
Новость

Бүгүн, 31-июль Токиодогу Олимпиада оюндарынын алкагында күрөш боюнча турнирде чүчү кулак ташталды. Жыйынтыгында Жоламан Шаршенбеков менен Айпери Медет кызынын алгачкы атаандаштары белгилүү болду. 

60 килограммга чейинки салмакта Жоламан Шаршенбеков 1/8 финалдан баштап, анын атаандашы казакстандык Мейрамбек Айнагулов болот.

Ал эми 76 кг салмактагы Айпери Медет кызы Казакстандын балбаны Элмира Сыздыковага каршы чыгат.

Беттештер эртең таңкы саат 8:00дө старт алат. КТРК Спорт каналы түз эфир аркылуу көрсөтөт.

Алга, балбандар! Алга, Кыргызстан!