Кыргызстандык спортчу Денис Петрашов Токиодогу Олимпиада оюндарында 200 метр аралыкка сүзүү боюнча мелдешке катышып, жарым финалга чыга албай калды.
27-июль күнү Петрашов брасс стилинде 200 метр аралыкка сүзүү боюнча жарышка катышкан. Мелдешке жалпы 40 спортчу жарыяланып, алар 5ке бөлүнүшкөн.
Петрашов экинчи кезектеги спортчулар менен жарышып, алардын арасынан 2 мүнөт 10,07 секунд менен биринчи келди.
Бирок жарыштын жалпы жыйынтыгында кыргызстандык спортчу 18-орунду ээлеп, жарым финалга чыга албай калды.
Белгилей кетсек, 24-июль күнү кыргызстандык суучул брасс стилинде 100 метр аралыкка сүзүүнүн жалпы жыйынтыгында 27-орунду ээлеген.