Грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын олимпиадалык курама командасы Токиого сапар алды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Спортчулар менен бирге Токиого улук машыктыруучу Улукбек Карачолоков жана башкы машыктыруучу Азат Эркинбаев учуп кетти. Жоламан Шаршенбеков 60 килограмм салмакта 1-август күнү эртең мененки саат 8:00, 77 килограмм салмакта Акжол Махмудов 2-августта саат 8:00, ушул эле убакта 97 килограмм категорияда Үзүр Жусупбеков килемге чыгат. Олимпиадалык курамдын капитаны Атабек Азисбеков 87 килограмм салмакта 3-август күнү күч сынашат.