Кыргызстандык дзюдочу Владимир Золоевдин Олимпиада оюндарында мелдешүүсү жыйынтыкталды. Бул тууралуу "Ала-Тоо 24" каналына Олимпиадалык курамдын маалымат катчысы Кабыл Макешов билдирди.
Спортчу 81 килограмм салмакта россиялык Алан Хубецов менен күч сынашты. Кармаштын негизги убагында эсеп 0:0 болуп, Золоевге калыс эки эскертүү берген. Кошумча убакыттын 48-мүнөтүндө монголиялык калыс спортчуга дагы бир эскертүү берип, мелдештен четтетилди.