Кытайлык Цянь Ян Токиодогу Олимпиада оюндарында пневматикалык мылтыктан ок атуу боюнча биринчи алтын медалды жеңип алды.
21 жаштагы Кытай өлкөсүнүн спортчусу алтын медалды жеңүү менен бирге жаңы рекорд койду. Күмүш байгени россиялык Анастасия Галашина, коло медалды швейцариялык Нина Кристен жеңди.
Белгилей кетсек, пневматикалык мылтыктан ок атуу боюнча кыргызстандык спортчу Каныкей Кубанычбекова 50 спортчунун ичинен 48-орунга жайгашып, мелдештен четтеп калган.