Токио Олимпиадасы: Каныкей Кубанычбекова 48-орунга жайгашты
Новость

Кыргызстандык спортчу Каныкей Кубанычбекова Олимпиада оюндарында 48-орунга жайгашты. 

Кубанычбекова 24-июль күнү 10 метрден пневматикалык мылтыктан ок атуу боюнча мелдешке 50 спортчунун арасында катышты.   

Квалификациялык мелдеште кыргызстандык спортчу 612,8 упай топтоп, 50 адамдын ичинен 48-орунду ээледи. Бул спорт түрүнөн финалдык баскычка 8 спортчу өттү. 

Каныкей Кубанычбекованын Токиодогу Олимпиада оюндарына катышуусу жыйынтыкталды.