Олимпиада оюндарынын ачылыш аземи бүгүн, 23-июлда Бишкек убактысы боюнча 17:00дө башталат.
Биздин өлкөнүн намысын 16 спортчу коргойт. Кыргызстандын желегин ок атуу спорту боюнча барган Каныкей Кубанычбекова көтөрүп чыгат. Тууну Олимпиадалык курамдын капитаны Атабек Азисбеков алып чыгыш керек болчу. Бирок спортчунун мелдештери июлдун аягында башталат. Олимпиадалык курамга Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова, Айпери Медет кызы, Эрназар Акматалиев, Үзүр Жусупбеков, Атабек Азисбеков, Акжол Махмудов, Жоламан Шаршенбеков, Айаал Лазерев, Дарья Маслова, Нурсултан Кеңешбеков, Каныкей Кубанычбекова, Денис Петрашов, Роман Петров, Владимир Золоев, Бекдөөлөт Расулбеков кирген. Эскерте кетсек, Олимпиаданын ачылыш аземин “КТРК Спорт” каналы түз алып көрсөтөт. Ошондой эле “КТРК Спорт” өлкөдөгү Олимпиада оюндарын көрсөтүү укугуна ээ болгон жалгыз телеканал.