Министрлер кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Айбек Жунушалиев коронавирус инфекциясына каршы эмдөө алды.
Ал вакцинациянын жана жамааттык иммунитеттин пайда болуусунун маанилүүлүгүн белгилеп, жарандарды эмдөөгө катышууга чакырды.
Учурда республикада калкты COVID-19га каршы эмдөө өнөктүгү жүрүүдө. Президенттин Администрациясынын, Министрлер кабинетинин өкүлдөрү, мамлекеттик органдардын кызматкерлери эмделүүдө.