Улукбек Марипов Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын кайра шайлоодо добуш берди
Новость gov.kg

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын кайра шайлоодо добуш берди. Улукбек Марипов жубайы менен Бишкек шаарынын №40 жалпы билим берүүчү орто мектебинин имаратында жайгашкан № 1032 шайлоо участогунда тандоосун жасады.

Министрлер Кабинетинин башчысы белгилегендей, республиканын ар бир жараны өзүнүн добуш берүү укугун пайдалануу менен социалдык жоопкерчиликти, саясий жана укуктук жактан жетилгендигин көрсөтүүсү зарыл.