Кыргызстан коронавируска каршы эмдөөдө 160-орунда турат
Новость www

Ourworldindata.org сайты дүйнөдөгү коронавируска каршы эмдөөнүн картасын чыгарды. Ага ылайык, Кыргызстан 160-орунда турат. Аталган сайт өлкөдө 29-мартта эмдөө өнөктүгү башталгандан бери 173 миң 700 адам эмделгенин көрсөтүп жатат.

Дүйнөдө жалпы үч миллиарддан ашуун адам эмделди. 344 миллиондон ашуун атуулу эмделген Индия биринчи орунга чыкты. Экинчи орунда АКШ турат, бул өлкөдө 329 миллион киши эмделди.

Буга чейин Кытай менен Орусиядан вакциналар келген.

Азыркы тапта өлкөдө Орусиянын "Спутник V" вакцинасы менен каалоочуларды эмдөө уланууда. COVAX программасынын алкагында AstraZeneca вакцинасынын 210 миң кишиге жеткидей дозасы келери айтылып жатат. Бирок качан келери белгисиз.