Бишкектеги “Дордой-Моторс” базарынын аймагында жайгашкан кафеден өрт чыкты
Новость www

Кечээ, Бишкектеги “Дордой-Моторс” базарынын аймагында жайгашкан кафеден өрт чыгып, натыйжада 60 чарчы метр кафенин ички жасалгасы күйгөн. 

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Өрттү өчүрүүгө 1 бөлүм тартылган. Тилсиз жоо толук чектөөгө алынды.