Зомбулукка кабылган кары аялдар коргоого алынат
Новость

“Сезим кризистик” борбору Кыргызстанда зомбулукка кабылган, улгайган аялдарды коргоого  ала турган жаңы долбоорду  ишке киргизди. Долбоордун алкагында зомбулукка кабылган кары аялдар “Сезим” кризистик борборунда бир ай бекер жашап психотерапевтерден кеңеш алат. 

Жашы өтүп калганда мындай кырдаалга кабылган айымдарды коргоого ала турган бир жылдык долбоорду, Эмгек жана социалдыкөнүгүү министрлиги каржылоого алган.