Кыргызстанда улгайган адамдарга карата зомбулук күч алууда. Бул тууралуу, “Сезим” кризистик борборунун жетекчиси Бүбүсара Рыскулова билдирди.
POST1RIGHT Буга байланыштуу, “Сезим” кризистик борбору - Социалдык өнүгүү министрлиги менен биргеликте улгайган адамдарды колдоо жана алардын укугун коргоо үчүн атайын долбоорду баштады.
Анын алкагында зомбулуктан запкы тарткан улгайган адамдарга - психологиялык, укуктук жана социалдык жардам көрсөтүлмөкчү. Мындан тышкары, алардын жашоо деңгээлине канааттануусун тактоо боюнча изилдөө жүргүзүлүп, муктаждыктары да аныкталат.
Бул долбоор үчүн 500 миң сом бөлүндү ал 12 айда ишке ашырылат. Эгерде кимдин укугу корголбой жабыр тартып жаткан болсо 51-26-40 номуру аркылуу байланышка чыкса болот. Адистер аларга тиешелүү жардамдарды бермекчи.
Статистикага ылайык, кордук көргөн улгайган адамдар тиешелүү органдарга кайрыла бербейт. Акыркы жылдары улуу муундагы адамдардын кордук көргөнү дагы 5-6 пайызга жогорулаган.