Ош электр тармактар ишканасы 2016-2017-жылдардын күз-кыш мезгилине толугу менен даяр болуп калды. Алты айда 47 млн сомдон ашык каражат сарпталып, элге жарык берүү маселеси оң жагынан чечилүүдө. POST1RIGHT
Учурда Ош шаары, Ош жана Баткен облустарындагы жаңы конуштарга электр чубалгыларын тартуу жана көмөк чордондорду оңдоо ишин улантууда. Кышка болгон даярдык октябрь айында толугу менен жыйынтыкталат.
Элдик Репортер КТРК: кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз! WhatsApp +996551748118