Миң кыял ФМ радиосунда жаңы ыр: Элима "Көчмөн комуз"
Новость

Улуу көчтүн учун улап, тээ ата-бабаларыбыздан тарта биз менен бир сапарда келе жаткан, кыргыз үнүн кылымдарга коштогон, ааламга жаңырткан үч буроого, жалгыз тээк, үч кыл комуз. Тарых жана Маданият жылынын алкагында, ΙΙ- Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата кыргыз кызы Элимадан “Көчмөн комуз” аттуу жаңы ыр!