Өлкөдө кышка карата даярдык баштады
Новость KTRK/videograp

Өлкөдө кышка карата даярдык күчөй баштады. Ушул тапта ГЭСтерде, 72 көмөк чордондо жана кубаттуу трансформаторлордо толугу менен оңдоп-түзөө иштери жүрүп жаткандыктан, энергетиктер суук түшкөндө электр энергиясынан чектөө болбойт деп ишендирүүдө. Адистер суук түшкөн учурда үзгүлтүк болбосун деп тынбай эмгектенишүүдө. POST1RIGHT

Мындан 2 жыл мурун кыш айларында борбордун Кызыл-Аскер аймагында жарык маал-маалы менен өчүп, жашоочуларды түйшүккө салган. Өткөн жылдан бери ал көрүнүш байкала элек. Калкты электр энергия менен туруктуу камсыздоого басым жасалып, дээрлик баардык көмөк чордон толугу менен жаңыланууда. Учурда “Кызыл-Аскер” көмөк чордонунун жабдыктары алмашылып жатат.

Энергетиктерге жайкысын эс алуу деген жок. 40 градус аптаптуу ысыкта иш кайнап, инженерлер жумуш менен алек. Электр кубатына суроо-талап аз кезде өлкөдөгү ГЭСде, жалпы 8 агрегатта толук кандуу ремонт иштери жасалууда. Аны менен кошо Бишкек жана Ош жылуулук борборлорунда дагы оңдоо иштери жүрүп жатат. Октябрь айынын акырына чейин бардык жумуштар толук аякташы күтүлүүдө.

Аба-ырайынын жаанчыл болушу аткарылып жаткан жумушту жайлаткан. Электр колдонуучуларды үзгүлтүксүз камсыздоону ишке ашыруу оңой эмес. Чүй облусунун жогорку чыңалуудагы электр тармактары ишканасынын электр монтёрлору тоо-ташты аралап өткөн, катаал жерлердеги чубалгыларды бекемдеп, тетиктерин алмаштырууда.
Ондогон метр бийиктиктеги тирөөчтөрдө майда барат жабдыктан баштап көп нерсе алмашылып, оңдолууда. Жоопкерчиликтүү нары опурталдуу кесиптин ээлеринин айтымында жайкысын алдын алуу жана оңдоо иштери жасалса, кышында көңүл тынч болот. 


Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118
Элдик Репортер КТРК : присылайте нам ваши видео, фотографии, заметили что-то интересное- отправляйте нам!
WhatsApp +996551748118