Европанын айрым өлкөлөрүндө киргизилген карантиндик чектөөлөр акырындык менен алынууда
Новость www

Европанын айрым өлкөлөрүндө мурда киргизилген карантиндик чектөөлөр акырындык менен алынууда. Мисалы Италия менен Шотландия бир нече айдан бери катаал чектөөлөрдөн соң, өлкөдөгү дүкөн, спорт зал, бассейндер менен кафе, ресторандардын иштөөсүнө уруксат берди. Франция болсо башталгыч класстын окуучулары менен балдар бакчаларынын ишин акырындык менен жандандырууда.

Италия бийлиги бир катар аймактарында карантиндик чектөөлөрдү жумшартты. Тамактануучу жайлар, музейлер менен кинотеатрлар кадимкидей иштеп баштады.

Санитардык сары режим кооптуулугу Италиянын Калибрия, Аппулия, Базиликат жана Валле-д'Аост беш облусунда жана Сицилияда сакталууда. Сардиния болсо кызыл аймак болуп турат.

Италиядан сырткары Шотландия мамлекетинде да карантиндик эрежелер жумшартыла баштады. Өлкөдө дүкөндөр, спорт залдар, бассейндер менен кафе, ресторандар ишин башташты. Бирок жарандар ресторандардын ичинде эмес, сыртындагы ачык тамактануучу жайларда тамактанышса болот.

Учурда Шотландияда карантиндик чектөөлөрдүн алынышы менен туризм тармагын ачуу же ачпай туруу маселеси кабыргасынан коюлуп жатат.

Ал арада Франция бийлиги да башталгыч класстын окуучулар менен балдар бакчаларынын ишин акырындык менен жандандырууда. 

Муну менен өлкө карантиндик чектөөлөрдү акырындык менен алууга камынып жатат. Келерки жумалардан баштап он чакырым алыстыкта үйдөн чыкпоого милдеттендирилген чектөөлөр алынары болжолдонууда. Ал эми майдан тарта Францияда диний мекемелер, кафе, ресторандар менен соода борборлору ачылары айтылууда.