“Миң – Кыял ФМ” радиосунун диджейи Бекзат Калыбек уулу үйлөндү
Новость

Сүйүнчү! “Миң – Кыял ФМ” радиосунун кенжеси, эркеси үйлөндү. Жайдын аптаптуу күндөрүнүн 15-июлунда, көк толкун болуп жайкалып турган кыргыз берметинин жээгинде, Бекзат Калыбек уулу Элзада аттуу махабатынын башына ак жоолук салып, колуна нике шакегин такты. Салтанаттуу кече, кесиптешибиздин киндик кан тамган кичи мекени Каракол шаарынын белгилүү тойканаларынын биринде өттү. Эки жашка бакыт тилейбиз.