Энергетикалык көз карандысыздык
Новость internet

Ала-Бука районундагы 6 айылдан турган Көк-Серек айыл аймагынын эли, эми үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз болот. 

Буга чейин 35 киловаттык чыңалуудагы электр чубалгысынын 4 чакырым аралыгы коңшу Өзбекстандын аймагы менен өткөндүктөн, авария болгон учурда аны калыбына келтирүү ишинде кыйынчылыктар болгон. Айрым учурда жергиликтүү айылдар кышкысын бир нече күндөп электр жарыгы жок отурган учурлар катталган. 

POST1RIGHT Маселени жөнгө салуу үчүн өткөн жылы "Жалал-Абад электро" ишканасы тарабынан чубалгыларды өлкө аймагынан тартып өтүү жумуштары башталган. Учурда иш толугу менен бүткөрүлүп, элге жарык берилди. Жаңы тартылган чубалгынын узундугу 6 чакырымды түзөт. 

Көк-Серек айыл аймагы чек ара менен чектешкендиктен, район борборунан 60 км алыста жайгашкан. Жалпысынан чубалгыларды жаңыртуу жумуштарына 14 миллион 600 миң сом каражат сарпталды.

Элдик Репортер КТРК: кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз! WhatsApp +996551748118