POST1RIGHTКоомдук телерадиоберүү корпорациясында бүгүнтөн тартып, жаңы долбоор боюнча “Ачык-Айкын” укуктук көрсөтүүсү элге тартуулана баштады. Телеберүү КТРК менен эл аралык уюмдардын колдоосунда, сот системасын бекемдөө программасынын алкагында иштелип чыкты.
“Ачык-Айкын” укуктук телекөрсөтүүлөр сериясы эң негизги укуктук билимдерди жана калктын чыр-чатактарды чечүүдө сот органдарынын ролу жөнүндө кененирек маалымат алууга багытталган. Долбоор түрдүү талаш маселелер боюнча жарандардын укуктук жактан сабаттуулугун жогорулатууга багытталган.
Элдик Репортер КТРК: кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118