Түркиянын Ван провинциясында террорчулардын кол салуусунан мерт болгон жергиликтүү кыргыз акыркы сапарга бүгүн узатылат. Бул тууралуу Түркиядагы этникалык кыргыздар коомунан билдиришти.
Эске салсак, кечээ Вандын Эржиш районунда террорчулар тобу жардыргыч зат салынган автоунааларды жардырган. Андан бир аскер жана Вандагы кыргыздар жашаган Улуу Памир айылынын күзөтчүсү каза тапкан.
Дагы беш кыргыз жеңил жаракат менен ооруканада жатканы маалым болду. Белгилүү болгондой, Улуу Памир айылында үч миңдей кыргыз жашайт. Алар Ооганстандан көчүп барып, Түркияны байырлап калгандар.