Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков Орусиялык туристтерди Токмок шаарына жакын жерден тоноп кеткендерди табуу милдетин ИИМ Кашкар Жунушалиевге тапшырды.
4-июлда өздөрүн милиция кызматкерибиз деп тааныштырган жарандар майып баласын дарылоо үчүн аны Ысык-Көлгө алып келе жаткан Орусиялык жубайларды тоноп кетишкен.
ИИМдин басма-сөз кызматынын жетекчиси Бакыт Сеитовдун белгилөөсүндө, окуянын чоо-жайын аныктоо үчүн ыкчам топ түзүлдү.
Элдик Репортер КТРК : присылайте нам ваши видео, фотографии, заметили что-то интересное- отправляйте нам!
WhatsApp +996551748118
Элдик Репортер КТРК : кызыктуу фото же видеолоруңуз болсо бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118