Бишкекте туризм жарманкеси болуп өттү
Новость KTRK/videograp

Бишкекте “Туризм жана эс алуу - 2016” аталышындагы пансионаттардын жарманкеси өттү. Ага Кыргызстан боюнча жыйырмага жакын эс алуучу жайлардын өкүлдөрү катышып, жашоо шарттары жана эс алуунун наркы тууралуу шаар тургундары менен меймандарына кененирээк маалымат берди. POST1RIGHT

 Жарманке эс алуу күнүндө өтүп жатканына карабастан, кызыккандардын саны саат 11 жакындаганда көбөйө баштады. Иш-чарага пансионаттардан тышкары авиакомпаниялар менен ден соолукту чыңдай турган курорттук санаторийлердин өкүлдөрү да болушту.