18 тонна тооктун жумурткасын ташып келе жаткан унаа кармалды
Новость

POST1RIGHTКазакстандан аткезчилик жол менен 18 тонна тооктун жумурткасын ташып келе жаткан унааны Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциянын кызматкерлери кармады. 

300 миңден ашык жумуртканы алып келаткан ишкер эч бир тиешелүү документти көрсөтө алган эмес. 

Азыр кармалган товардын адамдын организмине зыяны бар же жогу текшерилүүдө.

Бул фурада 300 миңден ашык жумуртка бар. Бирок ал эскиби же кандай экени азырынча белгисиз. Ал үчүн лабораториянын жыйынтыгын күтүү керек. Бирок Казакстандан кыргыз жергесине жумуртканы ташып келүүгө уруксат берген тийиштүү документтери колунда жок.