Убактылуу кармоочу жайларда кыйноо иштери токтобой келет
Новость

Кыргызстандын убактылуу кармоочу жайларында  кылмышка шектүүлөрдү кыйноо иштери токтобой келет. Мындан сырткары, дубандардагы кармоочу жайлардын абалы да канааттандырарлык эмес экендигин бүгүн маалымат жыйында кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун өкүлдөрү, “Кылым шамы” укук коргоо борборунун жетекчиси Азиза Абдрасулова тарабынан айтылды. 21-июнь күнү Акыйкатчы Кубат Оторбаев да өлкө аймагындагы абак жайлар жана убактылуу кармоочу жайларда кыйноолор болуп жаткандыгын маалымат жыйында билдирген болчу. 

Акыйкатчы Кубат Оторбаев жыл башынан бери аталган институтка 6402  жаран кайрылып, алардын 1720сы кат аркылуу билдирилгендигин, анын ичинен 31 факты кыйноолор боюнча  арыздар экендигин маалымат жыйында билдирген.

Г. Каражанова, "Биринчи радио"