Бүгүн, Жогорку Сотто Максат Чакиевге карата козголгон кылмыш иши каралды. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматынан маалымдашты. Маалыматка ылайык, Жогорку Сот 2016-жылдын 29-мартында Бишкек шаардык сотунун Кыргыз Республикасынын Кылмыш жаза кодексинини “мамлекеттик сыйлык, мөөр, штамп, бланкты колго жасоо, даярдоо жана пайдалануу”, “пара берүү” беренелери боюнча козголгон чечимине өзгөртүү киргизди. POST1RIGHT
Жогорку Соттун чыгарган чечиминде Максат Чакиевдин аталган кылмыш иштерине катыштыгы болгон эмес. Ушундай корутундунун негизинде Туризм департаментинин мурдагы башчысы Максат Чакиев сот залынан бошотулду.
Эске салсак, М.Чакиев 2015-жылдын 28-майында ИИМдин 5-башкармалыгынын кызматкерине 92 миң сом пара берип жатканда кармалган. Милиция бул факт тууралуу Чакиев ишиндеги мыйзам бузууну жабыш үчүн ушундай кадамга барган деп маалымат тараткан.
Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118