POST1RIGHTБыйылкы туристтик сезондо Ысык-Көл жээгиндеги айрым эс алуу жайлары кирешеден кур жалак калышы мүмкүн. Анткени алар экотехникалык мыйзамдарды сактабагандыктан, убактылуу жаап салуу коркунучунда турат. Бул тиешелүү органдын Ысык-Көл облусундагы пансионаттарды кыдырган атайын рейдинде белгилүү болду.
“Саамал” пансионаты 1960-жылдан бери иштейт. Жыгачтан салынган жатаканаларына жарым кылымдан ашса да, жарытылуу ремонт кылынган эмес. Өрт коопсуздук талаптарына болсо такыр эле жооп бербейт.
Ушул сыяктуу он чакты пансионат быйылкы жайкы сезонду бекер өткөрүп жиберүү коркунучунда. Анткени алардын көбүндө, экологиялык техникалык коопсуздуктар сакталбаптыр. Канчалаган эскертүүлөргө кум кулактык кылып койгон эс алуу жайларынын арасында экс депутат Равшан Жээнбековдун да “Асыл таш” аталышындагы пансионаты бар.