Кыргызстандагы юристтер күнүнө карата 22-23-июнь күндөрү жарандарга акысыз юридикалык кеңеш берилет. Бул тууралуу, Укук министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, республиканын баардык аймагында “Өзүңдүн укугуңду бил!” деген ураан менен акция өткөрүлөт.
Укуктук жардамды министрликтин юристтери бермекчи. Убактылуу укуктук жардам алууну каалагандар жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынын мекемесине барса болот. Мындай иштин негизги максаты - жарандардын укугун коргоо, элдин укуктук маданиятын жана билимин жакшыртуу, ошондой эле жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары жана юристтер менен жарандардын кызматташтыгын бекемдөө.