POST1RIGHT2010-жылдын апрель окуясы боюнча Республикалык Аскер сотунун өкүмү аткарылбай жатат. Сот өкүмүнө ылайык, “Альфа” жана “Арстан” атайын бөлүктөрүнүн кызматкерлери акталып, жетекчиси Алмаз Жолдошалиев 6 жылга эркинен ажыратылган. Бирок Жолдошалиевге берилген мөөнөт бүткөндүктөн, ал сот залынан бошотулушу керек эле. Азыркы күнгө чейин убактылуу кармоочу жайда олтурат,- деп билдирди 16-июнь күнү жактоочусу Улан Дастан уулу маалымат жыйында.
Белгилей кетсек, жакында Республикалык Аскер соттогу бир нече күнгө созулган өкүм аягына чыккан. Нурлан Ашымбеков төрагалык кылган аскер сотунун коллегиясы биринчи баскычтагы Бишкек аскер сотунун өкүмүн дээрлик өзгөртүүсүз калтырган болчу.
Г. Каражанова, “Биринчи радио”