Балыкчы токой чарбасында мыйзам бузуу аныкталды
Новость

Балыкчы токой чарбасын пландуу текшерүүнүн  натыйжасында  0,66 гектар жер тилкесинин катмары алынганы аныкталды. Мамлекеттик экотехинспекциясынын Чолпон-Ата, Балыкчы шаары, Ысык-Көл, Тоң райондору боюнча аймактык башкармалыгынын инспекторлору тарабынан текшерүүдө аныкталган мыйзам бузууларга    87 миң сом доо мамлекеттин пайдасына өндүрүү тууралуу жазма буйрук тапшырылып милдеттендирилди. Маалыматтарга караганда, Ысык-Көл районунун Чоң-Сары-Ой айыл аймагынын  эки тургуну айыл чарба багытындагы  жерлерди  өзгөчө  корголуучу жаратылыш аймактары категориясына  2011-2012-жылдары трансформациядан өткөзүшкөн. Бирок бүгүнкү күнгө чейин айыл-чарба өндүрүшүнө келтирилген чыгымдар төлөнбөгөндүгү аныкталган.