Кыргызстан-Орусия өнөктөштүгү
Новость president.kg

Президент Алмазбек Атамбаев “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында Орусия Федерациясынын өкмөт башчысы Дмитрий Медведев менен жолугушту. Жолугушуунун башында өлкө башчы Дмитрий Медведевди стратегиялык кызматташтыктын өнүгүүсү жана эки мамлекеттин алакасын бекемдөөгө кошкон салымы үчүн “Данакер” ордени менен сыйлады. POST1RIGHT

Алмазбек Атамбаев Орусиянын өкмөт башчысына ар тараптуу колдоосу үчүн кыргыз элинин атынан ыраазычылык билдирип, Дмитрий Медведев президент болуп турган кезде жана андан кийин өкмөт башчылык кызматында дагы Кыргызстанга чоң жардам бергенин белгиледи. 

Өз кезегинде Дмитрий Медведев жогорку даражадагы сыйлык үчүн ыраазычылыгын билдирип, бул эки өлкөнүн достугунун, өнүгүүнүн жана алып барып жаткан жалпы ишибиздин символу деп атады.