POST1RIGHTОрусия өкмөт башчысы Дмитрий Медведев Кыргызстанга расмий сапары менен келди. Аны бүгүн эртең менен эл аралык "Манас" аэропортунан премьер-министр Сооронбай Жээнбеков тосуп алды.
Сапарынын алкагында Медведев өлкө президенти Алмазбек Атамбаев менен жолугат. Медведев Бишкекке КМШ өкмөт башчылар кеңешинин жыйынына катышуу үчүн келди.
Жыйынга Беларусь, Казакстан, Тажикстан, Молдованын премьер-министрлери жана Азербайжан, Армения, Өзбекстан, Түркмөнстандан вице-премьер-министрлер келери күтүлүүдө. Кыргызстандагы Украинанын элчиси да чакырылган. 6-7-июнга белгиленген саммитте кызматташуу боюнча 22 документ каралып, жети келишимге кол коюлаары күтүлүүдө.