Бүгүн, чакан ырчылар тобу жана Халал индустриясынын өнүктүрүү борборунун жардамы менен “Мин кыял ФМ” радиосу Беловодское, Моловодное жана Военно – Антоновка айылындагы балдар үйлөрүнө конокко барып келишти, жарым ай мурун, “кыргыз эстрадасындагы кайсыл ырчы менен баарлашууну каалайт элеңиз?" – деп, балдардан алдын ала сурак жүргүзгөн соң , алардын кыялдарын орундатып Нурлан Насип, Нурмат Садыров, Адилет Азимов, Анжелика, Курал Чокоев, Айпери Кубик кызы, Асема жана Жыпара Таштановалар менен балдарды кезиктирип, жагымдуу маанай тартуулап кайтышты. Акция толук өз максатына жеткендигин балдардын бактылуу жүздөрүнөн көрө алдык...