Бүгүн балдарды коргоонун эл аралык күнү
Новость KTRK/videograp

Бүгүн, 1-июнь - балдарды коргоонун эл аралык күнү. Буга карата Бишкекте бир катар майрамдык иш-чаралар уюштурулду. Маселен, азыркы тапта борбордук Ала-Тоо аянтында мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн концерт өтүүдө. 

Мындан тышкары, маданий, социалдык жана көңүл ачуучу жайларда концерттер, спорттук мелдештер, оюн-зооктор белгиленген. Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары, жетим жана мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн да майрамдык маанай тартууланат.