Фестивалдын негизги максаты, түрк тилдүү өлкөлөрдүн, 18 жаштан 35 жашка чейинки таланттуу жаштарды профессионалдуу сахнада бириктирүү болуп саналат.
Чет элдик сынактарга көп эле катышып жүргөн Адилет, бул фестивалга КРнын эмгек сиңирген артисти Айчүрөк Иманалиеванын сунушу менен бир ай даярданып, жөнөп кеткен. “Күлгүн жаш” жана “Ардагым” аттуу чыгармаларын аткарып, сынакка катышкан атаандаштарын оозуп чыкты.
Аталган сынак 1991-жылы негизделген. Эки жылда бир өткөрүлүүчү сынакка 17 –мамлекет катышты.