Май айынын аягында окуучулар эле эмес, бала бакчада тарбияланган бөбөктөр дагы бүтүрүү кечесин өткөрөт. Бүгүн Бишкектеги бала бакчалардын биринде ушундай майрамдык кече өттү.
Төрт жылдан бери мындай иш-чараны өткөрүп келген бала бакчада быйыл 10 бала мектептин босогосун аттаганы турат. Аларга өздөрүнөн кийинки кенже тарбиялануучулар концерттик программа уюштуруп, ырдап бийлеп беришти.