Сот жыйындарынан маалымат алуу жеңилдейт
Новость KTRK/videograp

Сот актылары жана сот жыйналыштары боюнча маалыматтар жарандарга жеткиликтүү болуш үчүн бул аракеттерди укуктук нормативдик актылар менен жөнгө салуу керек. Бул тууралуу жарандык коом жана фемида өкүлдөрүнүн катышуусунда өткөн тегерек столдо айтылды. 

Анда “Укуктун үстөмдүүлүгүн колдоо жана өнүктүрүү” коомдук фонду сот актыларын жана сот жыйналыштарынын чечимдерин калкка ачык-айкын жана тез арада жеткирүү боюнча жүргүзгөн мониторингдин жыйынтыгын жарыялады. 2013-жылдан бери бул жаатта жүргүзүлгөн байкоолор, соттордон маалымат алуу жөнөкөй жарандарга жеңилдегенин, бул процедура sot.kg сайты аркылуу жөнөкөйлөштүрүлгөнү белгиленди. 

Бирок адистер бул жаатта ачык-айкындуулукту камсыздоо иши мыйзам актылары менен бекемделиши зарыл экендигин айтышты.


Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!

WhatsApp +996551748118