ЖК: энергетика тармагын реформалоо маселеси талкууда
Новость KTRK/videograp

Өлкөнүн энергетика тармагын реформалоо боюнча маселе Парламентте кызуу талкуу жаратты. Бул токтом долбоорунун демилгечиси - өкмөт. 

Экономика министри Арзыбек Кожошев энергетика тармагын реформалоонун максаты энергетика секторун чачыранды кылбай, бир уюмга бириктирүү же корпоративдик башкарууну киргизүү болуп саналаарын билдирди. Анын айтымында, токтом долбооруна ылайык энергетика тармагында иштеген мамлекеттин үлүшү бар акционердик ишканалар “Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы” ачык акционердик коомуна бириктирилет. POST1RIGHT

Суроо берүүгө кырктан ашык депутат жазылып, эл өкүлдөрүнөн ар кандай сунуштар берилди. Айрым депутаттар маселени премьер-министрдин катышуусунда талкуулоо сунушу менен чыкты. 

Өкмөт өкүлдөрү маалымдагандай, учурда Улуттук энергетикалык холдинг энерго ишканалардагы мамлекеттик акцияларды башкарууга укугу жок. Бул укук мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунда. Мындан улам мамлекеттин акцияларын “Улуттук энергетикалык холдингге өткөрүп берүү зарыл, -деди өкмөт мүчөлөрү. 

Ошол эле учурда өкмөт өкүлдөрү холдингдин курамына кирген ишканалар жеке менчикке сатылбай турганын билдирди.