“CASA-1000” долбоорунан тапчу пайдабыз эмне?
Новость gov.kg

Адистердин белгилөөсүндө, “CASA-1000” долбоорунун башталганы Кыргызстан үчүн ириде инвестор тартуу мүмкүнчүлүгүн көбөйтөт. Ал эми инвестор келсе, жаңы ГЭСтерди курууга болгон кызыгуу күчөйт. 

Айрым кыйчалыш учурда коңшулардан ала калып жүргөн импорттук электр энергиясынын ордуна мамлекет экспорттук мүмкүнчүлүктү кеңейткенге шарт түзүлөт. 

Мындан тышкары, электр энергиясын жайкысын Ооганстан менен Пакистанга сатуудан түшкөн каражат - энерго компаниялардын кем-карчын жапканга, күз-кыш мезгилинде отун сатып алууга жумшалат. Эл аралык уюмдардан да карызга насыя сурамай азаят.