Энергетика тармагындагы эң ири CASA-1000 долбоору ишке кирди
Новость KTRK/videograp

Энергетика тармагындагы эң ири CASA-1000 долбоору ишке кирди. Курулуш иши расмий түрдө Тажикстанда башталды. Салтанаттуу аземге Кыргызстандын өкмөт башчысы Сооронбай Жээнбеков, Тажикстан президенти Эмомали Рахмон жана Тажикстан, Афганистан, Пакистан мамлекеттеринин премьерлери катышты. CASA-1000 долбоорунун алкагында Кыргызстан менен Тажикстан электр энергиясын Афганистан менен Пакистанга экспорттоп баштайт. 

Долбоордун ачылышына келген коноктор тажиктердин мейман күтүү салты менен тосулуп жатты. Ал эми торт мамлекеттин өкмөт башчыларын Тажикстан президенти Эмомали Рахмон кабыл алды. 

POST1RIGHT

Андан сон Кыргызстан, Тажикстан, Ооганстан жана Пакистан премьерлери курулуш ишин рассмий жургузуу учун атайын белгини басты. Ошентип он жыл мурда башталган CASA-1000 долбоору ишке кирди. POST2LEFT
 Электр чубалгыларын тартуу иши кандай жүргүзүлөөрүн Тажикстандын Энергетика министри келгендерге тааныштырды. Андан сон долбоор башында турган мамлекеттердин өкмөт башчыларына соө берилди. Кыргызстандын премьер-министри Сооронбай Жээнбеков электр энергия жетиштуу болсо, мамлекеттин социалдык-экономикалык жактан онугуп жаткандыгынан кабар берет деди. Буга мындай долбоорду ишке ашырып жаткан мамлекеттер далил деди ал.

CASA-1000 долбоорунун наркы бир миллиард доллардан ашат деп айтылды. Анын 526 миллион долларын Буткул дуйнолук банк каржылайт.

Арбын каражат сарптала турган бул долбоор өлкөнүн бюджетине олуттуу таасир тийгизбейт деп экономика министрлиги билдирүүдө. Кыргызстан 233 миллион доллар сарпташы керек болсо бул учун каржы булактары табылган экен.

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон бул долбоордун экономикалык жактан пайдасы жогору экенин белгилеп, анын арты менен миндеген жумуш орундары да тузулоорун кошумчалады.
Долбоор ишке киргенден кийин Кыргызстанда электр энергиясынын тартыштыгы болбойт деп энергетиктер билдируудо. Анын арты менен башталбай турган долбоорлор ишке кириши мумкун. Сыртка чыгарылуучу жарыктын баасы да бекиген.

Энергетиктердин белгилешинче КАСА-1000 долбоору 15 жылда озун актайт. Кымбат баадагы электр энергиясы 2020-жылдан кийин экспорттоло баштайт. Болжол менен жылына 500 миллион киловат саатка чейин электр энергиясы сатылып турат.