Энергетикадагы эң ири "CASA 1000" долбоору ишке кирди. Анын расмий ачылышы Тажикстанда болуп жатат. Иш чара Турсунзода шаарында, жогорку деңээлде өтүүдө. Салтанатка Кыргызстандын премьер-министрир Сооронбай Жээнбеков, Тажикстандын президенти жана Ооганстан, Пакистандын премьерлери катышты.
Эл аралык долбоордун ишке киришине бир гана 4 мамлекет эмес дүйнө кызыкдар экенин мында чогулган элден байкаса болот. CASA долбоору жай мезгилинде тактап айтканда май айынан баштап сентябрга чейин Афганистан менен Пакистанга электр энергиясын экспорттоого мүмкүнчүлүк бермекчи.