Электр энергиясына төлөбөгөндөрдүн көпчүлүгү чоң кызматтын ээлери
Новость photo: ktrk.kg

Энергетика тармагы эмитеден эле келе жаткан кышка даярдыктарды көрө баштады. Быйылкы кышта иштеген жабдыктарды текшерип, бузулгандарын оңдоо үчүн электр энергия үчүн каражаттар убагында төлөнгөнү маанилүү. 

Анткени оңдоп-түздөөгө биринчи кезекте каражат керектелет. Андыктан Сокулук райондук электр энергиясын сатуу мекемеси дебитордук карыздарды өндүрүүгө багытталган рейддерди өткөрүүдө.

Маалыматтар боюнча электр энергиясына карыз болуп каражатты убагында төлөбөгөндөрдүн көбү, тигил же бул чоң кызматта иштегендер. Ал эми пенсионерлер жарык үчүн төлөнчү акчаны өз маалында төлөгөндөрдүн сап башында.

POST1RIGHT  MEDIA1LEFT152 миң сомдук карызы бар бул абонент, электриктердин эсин оодарып бүткөн. Канча жолу кыйып, айып пулдарды салганына карабай кайра өз алдынча кошуп алат. Анан дагы текшерүүчүлөргө орой мамиле кылып, анысын биз барганда да далилдеди.

Уят сөз менен сөгүп, коркутуп көнүп алган Замир аттуу бул жарандын жарыгы кыркылды. Бирок кайра кошуп албасына кепилдик жок. Анткени буга чейин да бир канча жолу электр зымы мамыдан кыркылган.

Ал эми бул үй Чүй облусун мурда башкаргандардын бири Болоткан Кумаровго тийиштүү. Өзүнчө трансформатор койуп алган бул үйдүн карызы 40 миң сом. Бүгүнкү күндө болгону 3 миңин гана төлөгөн.

Очойгон карызы барлардын тизмесин, мал кармаган сарайдын ээлери да толукташат. Аянтты бир канча гектарды түзгөн сарайдын ээлери болсо, чоң кызматта иштегендер. Маселен бул сарайдын кожоюну саналган Чоноров ички иштер министрлигинин майлуу сүттүү орунунда иштегени айтылууда. Анын карызы учурда 60 миң сомдон ашат.

Сокулук району боюнча жалпы дебитордук карыз 25 миллион сомду түзөт. Анын ичинен 17 млн сому калктын карызы. Райондук электр тармактар ишканасы бул каражаттарды тезирээк өндүрүүгө аракет кылууда. Анткени жаз келээр менен келе жаткан кышка карата жабдыктарды ремонттоо иши башталган.

Маалыматтар боюнча электр энергиясына карыз болуп каражатты убагында төлөбөгөндөрдүн көбү, тигил же бул чоң кызматта иштегендер. Ал эми пенсионерлер жарык үчүн төлөнчү акчаны өз маалында төлөгөндөрдүн сап башында.