Азимжан Аскаров акталабы?
Новость KTRK/videograp

Бириккен Улуттар Уюмунун адам укуктары боюнча комитетинин өмүр бою эркинен ажыратылган Азимжан Аскаровду бошотуу талабын койгон чечими Кыргызстанда дагы деле талаш-тартышты жаратууда. Талкуунун күчөшүнө БУУнун адам укуктары боюнча комитетинин Константин Вардзелашвили аттуу мүчөсү себепчи болуп, ал комитет кабыл алган чечимди Кыргызстан аткарууга милдеттүү деп билдирүү жасаган. Мындан улам өлкөдө баш мыйзамды өзгөртүү демилгеси жаңырган эле.

Адам укуктары комитетинин абактагы Аскаровдун иши боюнча Кыргызстанга жиберген сунушу коомчулукта укуктук талкууну күчөттү. БУУ комитетинин мүчөсү, Грузиянын Конституциялык сотунун судьясы Константин Вардзелашвилинин маегин бир нече күн мурун “Азаттык” сайты жарыялаган. 

"Азаттык": Эгер Кыргызстан Комитеттин чечимин аткарбай койсо кандай таасир этүүчү механизмдер колдонулат?

Вардзелашвили: "Комитеттин кандайдыр бир басым жасай турган түздөн-түз рычагдары жок. Ошол эле маалда өзүңүздөр билгендей, Пактка кирген өлкөлөр маал-маалы менен Комитетке келип, эмне иштер аткарылгандыгы тууралуу баяндама жасайт. Комитет улуттук өкмөттөр анын чечимдери, сунуштары боюнча эмне аткарганына көңүл бөлөт. Албетте, биринчи кезекте жеке арыздар боюнча эмне аткарылганын сурайт".  POST1RIGHT 
БУУ комититинин чечими чыгары менен Кыргызстанда баш мыйзамдын 41-беренеси талкууга түштү. Көрсө бул нормада эл аралык уюмдар Кыргызстанга кысым көрсөтүүгө шарт түзүүчү жылчык бар экен. Мындан улам Конституциянын улуттук кызыкчылыктар эске алынбаган айрым бөлүмдөрүнө өзгөртүү киргизүү маселеси жаралды.
Ал эми конституциянын авторлорунун бири Өмүрбек Текебаев, Кыргызстан БУУнун чечимин аткарууга милдеттүү эмес, бул жөн гана сунуш экенине ишендирди. Анткен менен бир катар интернет сайттар Өмүрбек Текебаев бул маселе боюнча жасаган мындай билдирүүсүндө чындыкты жашырып жатканын жазып чыкты.
Азимжан Аскаровго 2010-жылы улуттар аралык араздашууга от жаккан, тополоң учурунда Бишкек-Ош жолун жабууну уюштургандардын башында турган деп айып тагылган. Аскаров баштаган топ Базар-Коргондо милициянын капитаны Мыктыбек Сулаймановду мыкаачылыкка салып кыйнап, кийин үстүнө бензин куюп, тирүүлөй өрттөп жиберишкен болчу. Мына ошол аракеттердин бардыгын Азимжан Аскаров башкарып тургандыгы боюнча күбөлөрдүн так көрсөтмөлөрү бар.