8 жаран Хизб ут-Тахрир уюмунун катарынан чыкты
Новость KTRK/videograp

Жалал-Абад облусунда жыл башынан бери 8 жаран тыю салынган Хизб ут-Тахрир уюмунун катарынан чыкты. Алардын бул чагымчыл агымдан баш тартып, салттуу исламга өтүшүнө түшүндүрүү иштеринин таасири чоң болуп жатканын облустук ички иштер башкармалыгы жана казыят өкүлдөрү билдирди.

Аксы районунун Жаңы-Жол айылынын тургуну Бакыт Момбеков 2004-жылы Хизб ут-Тахрир уюмуна мүчө болуп кирген. Кийин ал 2 жылга эркинен ажыратылган. Тийиштүү органдардын түшүндүрүү иштеринин арты менен туура эмес жолдо жүргөнүн түшүнүп, эми гана чагымчылдардын катарынан чыгып отурат.
Бакыт Момбеков, Жаңы-Жол айылынын тургуну:

"Бүгүнкү күндө 2016-жылы Хизб ут-Тахрир уюмуна өз каалоом менен чыгып жатам. Мен Хизб ут-Тахрир партиясынын алдыга койгон максаты туура эмес экенин билдим."
Жыл башынан бери Аксы району боюнча 5 адам тыюу салынган уюмдун катарынан кетип отурат. Бирок райондук ички иштер башкармалыгынын каттоосунда дагы 40тан ашык аксылык бул уюмдун мүчөсү. POST1RIGHT
Момунбек Добулбеков, Аксы райондук ИИБнын башчысы:

"Катоодо турган адамдар менен тез-тез жолгуушу өткөрүп,түшүндүрүү иштерин алып баруудабыз. Ар бир хизбут уюумунун мүчөөлөрү менен жеке жана жалпы сүйлөшүүлөрдүн негизинде арымдарын кайтарууга жетиштик."
Хизбутчулардын катарынан чыккандардын ичинде базаркоргондук Шадман Мырзахмедов да бар. Ал дагы 2003-жылы мыйзамда тыюу салынган бул агымга кошулуп, сот жазасына да тартылган. Шадман дагы Хизб ут Тахрир уюмунун максаты туура эмес экенин түшүндү.
Учурда Жалал-Абад облусунда жалпы 625 мечит болсо, анын 574ү каттоодон өткөн. Ал эми калган 78инин ишмердиги мыйзамсыз. Алардын ишмердүүлүгүн толук кандуу көзөмөлдөө аксап келет.