"Миң Кыялдан" шоу-программа
Новость

Кыргыз радио бирикмесинин 85 жылдыгына карата түрдүү иш-чаралар өткөрүлүп жатат. Анын алкагында Коомдук биринчи каналдын Миң кыял радиосу Бишкектеги соода борборлорунун биринде акция уюштуруп, угармандарына жакшы мүмкүнчүлүк түзүп берди. 

Иш-чарада угармандар ырын угуп, көгүлтүр экрандан көрүп жүргөн сүйүктүү ырчыларын жакындан көрүп, сүрөткө түшүп, кол тамга алышты. Андан сырткары күйөрмандар арасында ар кандай оюндар ойнотулуп, жеңүүчүлөр Миң кыял ФМ радиосунун белектерине ээ болушту. 

Уюштуруучулардын айтымында, жыл аягына чейин эфирдин жүрүшүндө дагы көптөгөн акцияларды өткөрүү пландалууда.

"Биз өзүбүздүн угармандарыбызды өздөрү каалаган жылдыздарга кезиктирели дегенбиз. Эл аябай көп чогулду. Негизинен биздин радио жаштар үчүн үн салгандыктан, кыргыз эстрадасындагы жылдыздардын ырларын колдогондуктан, жаш угармандарыбыз менен жылдыздардын ортосунда байланыш түзүп бердик. Бүгүнкү иш-чарабыз максатына жетти деп ойлойм”,- деди "Миң Кыял" радиосунун продюсери Сүйкүм Бапалова.