Бул жумада өкмөт мүчөлөрү ант беришти. Андан соң премьер-министр өкмөттүн 2015-жылы аткарган иши боюнча отчет берди. Көптөгөн талкуулардан кийин эл өкүлдөрү өкмөттүн отчётун канааттандырды.
Ал арада жаңы премьер-министр Сооронбай Жээнбеков өкмөттүн ишинин негизги багыттарын аныктоодо. Анын алгачкы жумушчу сапарлары жана тапшырмалары тастыктагандай, Өкмөттүн жакынкы мезгилге милдети - өлкө экономикасын Евразиялык экономикалык биримдикке интеграциялоону тездетүү, экспорттук потеницалды колдоо. Ал максатта атамекендик өндүрүшчүлөр бул биримдиктин 200 миллиондук рыногуна продукциясын реалдуу чыгаруусу үчүн жаңы ветеринардык жана фитосанитардык лабораторияларды куруу керек.
POST1RIGHT POST2LEFT
Премьер-министр жакында эле кыргыз-казак мамлекеттик чекарасындагы “Ак тилек автодорожный” көзөмөл-өткөрмө бекетинин иши менен таанышып, бекеттин абалы жана андагы тейлөө деңгээли начар деп баалады.
Аталган бекеттин мисалында Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн чекараларындагы көзөмөл-өткөрмө бекеттеринин инфраструктурасын жакшыртуу боюнча конкреттүү тапшырма берди. Буга кошумча, “Ак тилек автодорожный” бекетинин өткөрмө жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу максатында дагы бир кошумча көпүрө курулат.
Сооронбай Жээнбеков мурдагы өкмөт башчы Темир Сариевдин ордуна министрлер кабинетин жетектеп келди. Айрым гана орун алмашууларды эске албаганда, бул жолу өкмөттүн курамы көп деле өзгөргөн жок.
MEDIA1RIGHT
Жээнбеков өлкөнүн мыйзамдарын так сактап, эл алдында ак кызмат кылууга, антты бузган учурда мыйзам чегинде жооп берүүгө даяр экендигин билдирди. Өкмөт башчынын антын президент Алмазбек Атамбаев кабыл алды.
Кезеги менен антты өкмөттүн бардык мүчөлөрү беришип, арасынан айрым министрлер аябай сүрдөп, баш мыйзамга колун коюуну унутуп калгандары болду. Ар бир анттын тексти Президентке тапшырылып, адаттагыдай эле өлкө башчы аны өзү менен кошо алып кетти.
Ант берүү аземинен кийин өкмөттүн курамы толугу менен парламентте калды. Күн тартибине министрлер кабинетинин 2015-жылда аткарган иштери боюнча отчету коюлган. Отчетту ага чейин парламенттин 9 профилдик комитети карап жактырган. Бирок суроолор дале көп. Премьер-министр алгач социалдык-экономикалык абалга токтолду. Айтымында өткөн жылы өкмөттүн негизги максаты- экономикалык көрсөткүчтөрдү бир калыпта кармап туруу болгон. Бул багытта туруктуулук сакталган. Жээнбеков алгач айлык маяна менен пенсиянын көлөмүнө токтолду.
Экономикадагы өсүштөр - Ички дүң продукциянын көлөмү Кумтөрдү эске албаганда 4,5 пайызды, айыл чарбада, курулушта 6,2%, тейлөө тармактарында 3,7 пайызды түзгөн. Ал эми өнөр-жай продукцияларын өндүрүү -4,4 пайызга төмөндөгөн. Энергетикадагы абалга депутат Өмүрбек Бабанов токтолду. бул тармакты тейлеген министрлик жоюлуп, ордуна Улуттук энергохолдинг түзүлгөнүнө дагы деле нааразы экен.
Азыр мурдагы өкмөттүн тушунда башталган ипотекалык насыялоо долбоорунун тегерегинде да сөздөр көбөйдү. Негизги маселе- насыялоонун шарттарын айлык акысы он миң сомдон ашпаган мамлекеттик кызматкерлер көтөрө албай жатышыптыр. Андыктан эрежени кайра карап чыгуу сунушталууда.
Ипотекалык насыялоо өкмөт үчүн да олуттуу маселе экенин Жээнбеков белгиледи. Бул долбоорго жакынкы убактарда кошумча каражат бөлүнөрүн, аны менен катар насыялоо шарттарын кайра карап чыгууга убада берди.
Өкмөт башчы өзүнүн келечектеги пландары менен да бөлүштү. Өлкөнүн экспорттук потенциалын жана Евразиялык экономикалык биримдигинин алкагында мүмкүнчүлүктөрдү толук пайдалануу үчүн өкмөт инвестиция тартуу жана экспортту өнүктүрүү боюнча жаңы институт түзгөнү жатат. Бул орган ар бир ишкер менен түздөн-түз иштешмекчи.
Жалпы 50дөн ашык депутаттар суроо берүүгө кезекке турушкан. Бирок, өкмөт башчы жаңы шайлангандыктан, өткөн жылда аткарылган иштерге айтылган сын пикирлер азыраак болуп, министрлер кабинетинин алдына койгон пландары тууралуу билгиси келгендер көп болду.